Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанга келди

Дайыма күлүп тамак жасаган түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанга келди. Ал социалдык тармактагы баракчасына аны тосуп алгандагы видеолор менен бөлүштү. Ошондой эле калпак кийип түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Буга чейин анын кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен 18-19-март күндөрү Кыргызстанга биринчи жолу келери маалым болгон. Ал кайрымдуулук фонд жыл сайын уюштурган “Рамазан чатыры” коомдук-кайрымдуулук долбооруна катышууга чакырылган.