Дайынсыз болуп жаткан ага-ини табылды

Үч жума мурун үйдөн чыгып кеткен эки бала табылды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн жергиликтүү тургун Панфилов райондук милициясына жоголгон уулдары тууралуу арыз менен кайрылган.

Кечки саат 17:00 чамасында балдар Бишкектеги “Ош” базарынан табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.