12-мартта Ленин РИИБдин милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылган Н.Н. жолдошу — 1986-жылы туулган Көчөрбаев Амантур Болотбекович дайынсыз болуп жатканын айткан. Анын айтымында, жолдошу 11-мартта саат 21:30 чамасында жумуштан чыккан бойдон үйүнө барган эмес.
Бул факт каттоого алынып, издөө иштери башталган. Ленин РИИБдин кызматкерлери ыкчам иштерди жүргүзүп, 13-мартта түнкү саат 02:00 чамасында Амантур Көчөрбаев Аламүдүн районунун аймагынан табылды. Анын абалы жакшы.
Окуянын чоо-жайы такталып жатат.