Дайынсыз болуп жаткан «Ордо» партиясынын лидери табылды

Кечээ, 29-ноябрда Бишкекте «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрдан бери дайынсыз болуп жатканы маалым болгон. Лидерден бүгүн эртең менен да кабар жок болчу. Ал эми азыр анын үйүнө кайтып барганы маалым болду.

«Жумуштары менен кеткен экен», — деди партиялашы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине. Айрым ЖМКлар анын тоого кеткенин, телефону өчүп, унаасы бузулуп калганын жазып чыкты.

Ал эми бүгүн Ленин РИИБ маалымат таратып, лидердин жубайы аны издөөнү токтотууну суранганын билдирген.