Бүгүн, 5-июлда бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан «Сапат» лицейинин башчысы Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды Ак Үйдүн алдына тынчтык митингине чыкты. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирге чыкты.
Анын колундагы плакаттан «Орхан Инанды кайда?», «Орхан Инанды табылабы?» деген жазууну көрүүгө болот.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.