Дайырбек Орунбеков: «Оштогу казино эмес, букмекер экени аныкталган»

Мындан бир аз убакыт мурда “Ошто казино бар экен, кыргыздар ойноп акчаларын уттуруп жатыптыр” деген маалымат тараган. Аталган маалыматтын алкагында ИИМ иликтөө кылып, жыйынтык чыгарды. 40тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду. Аталган жай казино эмес, букмекер (компьютердеги автоматтык оюн) экени аныкталган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды.

«ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды. Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда. Казино боюнча тактай кетсем, Кыргызстандын жарандары ойногонго болбойт, мыйзам жол бербейт. Чет элдик жарандарга гана уруксат берилет»,- деп жазды ал.