Дамира Ниязалиева интернетте тараган видео боюнча: «Монтаждалган. Андай сөздөр болгон эмес»

Кечээ, 29-майда социалдык тармактарда добуш сатып алууну талкуулаган аудио жазуу тарап, аудиодогу үндү уккандар аны талапкер Дамира Ниязалиевага таандык деп болжошууда. Ошол эле түнү анын кеңсесинде тинтүү жүрүп, кеңсенин эшигине мөөр басылды.

Дамира Ниязалиева муну кысым деп эсептерин журналисттерге билдирди. «Ушундай кысым болуп жатат. Алган добуштарымды жокко чыгарууга аракет болуп жатат. Бул биздин оппоненттерден болуп жатат болушу керек деп ойлойм. Алардын тилегине каршы менин добуштарым жокко чыгарылса, анда кайра шайлоо болот. Аудио боюнча мен ойлойм, монтаж болгон. Керектүү жерлерин алышкан. Кылмыш иши козголгон. Бул монтаж. Ал сөздөр болгон эмес. Ошонун негизинде кылмыш ишин козгоо канчалык туура экенин юристтерим айтышат. Азыр Бишкек ШИИБдин кызматкерлери келди», — деди ал.