Данияр Иманалиев экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды

Экономика жана финансы министринин орун басары болуп Данияр Иманалиев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Данияр Иманалиев буга чейин Президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы болчу. Ал бул кызматтан 8-апрелде бошотулган болчу.