«Дарбыз-коон, помидор, пияз арзан болуп жатат». Депутат Мамасадыков дыйкандардын көйгөйлөрүн укту

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Мамасадыков Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан мөмө-жемиш саткан базарларда дыйкандар менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушууда дыйкандар Бишкектеги базарларда дарбыз-коон, помидор, пияз жана башка айыл чарба продукцияларга болгон суроо-талап кескин төмөндөп, түшүмдөрүн жакшы баада сата албай чыгымга учурап жатканын айтышты. Базарларды кыдырууга суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөрй жайы министрлигине караштуу химизация, коргоо жана өсүмдүктөрдүн департаментинин кызматкерлери жана ветеринардык кызматтын Бишкек шаары боюнча адистери катышып, жемиштердин сапаты боюнча тийиштүү анализдерди жүргүзүштү.