Дары ала берген министрлик карызга батты

Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармек компанияларына 1 миллиард 200 миллион сом карыз. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, жогорудагыдай жагдайдан улам мамлекет башка өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз.
“Бюджетте буга акча жок. Мен эки жолу фармацевтикалык фирмалардын кожоюндары менен жолугушуп сүйлөштүм. Аларда бардык керектүү дары-дармектер бар. Бирок биз тараптан топтолгон карызды төлөөнү күтүп жатышат. Азыр кайтара албайбыз, мен кепил болуп берем дедим. Бүгүн-эртең тийиштүү меморандумга кол коюлат”, — деди министр.

Бейшеналиевдин айтымында, Орусия, Түркия жана Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдан гуманитардык жардам келип калса, ал бир айга чейин жетет.