Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго Премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Аталган тыюу салуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн биринчи кезектеги бекитилген 100 күндүк чаралар планынын алкагында киргизилген.

Аталган токтомдун максаты — Кыргызстандын калкынын өмүрүн жана ден-соолугун коргоо, өлкөдөгү эпидемиологиялык кыйын кырдаалдын алдын алуу үчүн дары-дармек каражаттары жана медициналык  буюмдар менен камсыздоодо жетишсиздикке жол бербөө.

Документке ылайык, Экономика жана финансы министрлиги убактылуу тыюу салуу жөнүндө белгиленген тартипте Дүйнөлүк соода уюмунун коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы зарыл.

Экспорттоого убактылуу тыюу салынган дары-дармек каражаттарынын жана медициналык  буюмдардын тизмеси төмөнкү тиркемеде.

тиркеме.docx