Дарья Маслова эл аралык марафондо алтын байге алды

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова Дүйшөмбү эл аралык марафонунда алтын байге алды. Марафон 17-апрелде Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Азия оюндарынын чемпиону Дарья Маслова бул марафондо 21,1 чакырымдык жарым марафонго жарышка чыгып, белгиленген аралыкты 1 саат 12 мүнөт 2 секундада чуркап өтүп, алтын медаль тагынды. Жарым марафондун күмүш байгесин өзбекстандык жөө күлүк Вереника Гришина, коло байгесин тажикстандык жеңил атлет Зулхича Гаффорзода алышты.

Бул Дарья Маслованын акыркы айдагы экинчи жеңиши. Дарья Маслова Япониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимпиадалык оюндарына жолдомону 2019-жылы 1-декабрда Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафондо олимпиадалык нормативди аткарып алган.