Дарыгер: «Бишкектиктер коронавирустан эмес, абанын кирдигинен эрте өлүшү ыктымал»

Бишкектин абасы кайрадан талкуу чордонуна түшүп, абанын сапатынан улам борбордо экологиялык өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуш кылып жатышат. Балдардын биринчи хосписинин директору Ольга Труханованын айтымында, эгерде чара көрүлбөсө, анда бишкектиктер коронавирустан эмес, абанын кирдигинен каза табышат.

Ал Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмунун маалыматтарына шилтеме келтирип, ага ылайык, бүт дүйнөдө абанын булганышы бул өлүмдүн жана оорулардын башкы себептеринин бири болуп жатканын айтат. Тагыраагы абанын кирдигинен жабыркагандар өпкө, жүрөк жана башка ооруларга көп чалдыгышат.