Дарыгер: «Быйыл коронавирус жуктурган балдар көбүрөөк катталууда»

Марттын ортосунан тартып, Бишкекте эпидемиологиялык абал начарлап баратат. Бул тууралуу Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова «Марал» радиосунун түз эфири учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жана пневмония менен январь айында 1442 киши катталса, февралда 634 жаран катталган. «Биз ошондо жакшы болду, эл өзүн алып жүргөндү билип калды, санитардык эрежелерди сактап жатышат деп калганбыз. Бирок 15-марттан тартып, көрсөткүчтөр жогорулап баштады. Биз бири-бирибиз менен кайра контакт болуп жатабыз», — деди ал.

Маалыматка караганда, былтыр дагы, быйыл дагы 30-34 жаштагы жарандар арасында вирус жуккан учур көп катталууда — 57,7 пайыз. Ал эми 65 жаштан жогоркулар арасында оору 29,6 пайызды түзөт. 18-29 жаштагылар арасында — 9,2 пайыз, 15-17 жаштагылар — 0,8 пайыз. Ал эми жаңы төрөлгөн ымыркайлардан 14 жашка чейинкилер арасында — 2,4 пайыз.

«Былтыр 14 жашка чейинкилер арасында вирус аябай төмөн пайызда катталган. Быйыл көбөйүп келатат», — дейт Айнагүл Рыскулбекова.