Дарыгер сабалып жатканда тартылган видео тарады

Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына медициналык кызматкерлер зомбулук көрүп жатканын жазып, видео менен бөлүштү.

«Мына райондук оорукананын нөөмөттөгү дарыгерин муунтуп сала жаздашты. Эмне деген уят сөздөр айтылганын жарыялабай эле коеюн. Көпчүлүк бейтаптар мас абалында түшүшөт, бирок мас абалында кылмыш кылуу менен өзүн актоого болбойт», — деп жазды ал.