Дарыгер: «Стоматит өлүмгө алып келген оорунун белгиси болушу мүмкүн»

Стоматит лейкоз оорусунун белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу балдар дарыгери Эрбол Сүйөркулов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди. 

Анын айтымында, үч жашка чейинки балдар бардыгын оозуна сала бергендиктен бул дарттан эң көп жабыркайт. Стоматит ооз көңдөйүнүн жабыркашына байланыштуу үстүртөн же терең болушу мүмкүн.

«Стоматит инфекциялык (вирустук, бактериялык, грибоктук инфекциялар), аллергиялык, травматикалык (химиялык, физикалык) сыяктуу ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле, системалык оорулар стоматитке алып келиши мүмкүн. Көп учурда ичеги-карын оорулары менен өнөкөт стоматит пайда болот. Баланы стоматит менен алып келишсе, андан лейкоз табылат, башкача айтканда, бул белгиси», — деди ал.

Сүйөркулов кошумчалагандай, катуу кармаган стоматит өнөкөткө да айланып кетиши мүмкүн.