Дарыгер: «Вакцинацияланган адам коронавирустан каза болгон. Бейтап кант диабети менен ооруган»

Ковидге каршы эмделген адам 6-сентябрда коронавирус менен ооруканага түшкөн. Бул тууралуу журналисттерге Жалал-Абад облусунун Аксы жалпы практикалык борборунан билдиришти. 

1960-жылы туулган адам пневмония менен ооруган, анда кант диабети да болгон. «Ал 22-сентябрда саат 21:00дө каза болгон. Ооруканада ал коронавирустук вакцинанын экинчи дозасын алган эмес, абалы оор болчу», — деп билдиришти ооруканадан.

Мындан тышкары, анын вакцинанын 2-дозасын алганы да айтылган. «Маалымат базасында кандайдыр бир ката бар окшойт, анткени 6-сентябрда ал коронавирус менен ооруканага түшкөн. Кыязы, бул техникалык ката, азыр биз аны тактап жатабыз», — деп билдиришти борбордон.