Дарыгерлер коронавирустун экинчи толкунунда да бейтаптарды уу коргошун менен дарылашты беле? Министрдин жообу

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаров жарыялаган коронавирустан дарылануунун жаңы ыкмасы тууралуу маалыматты тастыктады.

Министрдин айтымында, медицина кызматкерлери бейтаптарды уу коргошун менен дарылап жатышат. Ал өзү дагы уу коргошун ичерин белгиледи.

«Анын ден соолукка зыяны жок. Көп адамды жоготуп албоо үчүн ушул кадамга бардык. Коронавирустун экинчи толкунунда дагы уу коргошун менен дарылаганбыз, бирок ал тууралуу айткан эмеспиз», — деди ал.

Бейшеналиев уу коргошундун пайдасы тастыкталганын, бул ыкманы президент Садыр Жапаров сунуштаганын кошумчалады.

«Садыр Нургожоевич 2020-жылы март айында Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Садыр Жапаров өзү уу коргошун ичип айыгып, мага дагы сунуштаган. Мен аны тааныштарыма гана колдонуп баштагам. Тааныштарымдын баары айыкты. Эч ким каза болгон жок. Азыр коронавирустан дарылап жаткан протоколдо уу коргошун көрсөтүлгөн эмес. Илимпоздор уу коргошундун үстүнөн иштеп жатышат. Алгач каттап, андан кийин балким коронавирустан дарылоо протоколуна киргизебиз», — деди министр.

«Ал Кыргызстан боюнча бардык ооруканаларда берилип жатат. Дозасын президент өзү аныктап, өзү кайнатып жатат мени менен бирге. Бүгүн саат 13:00дө интервью берем, ошол жерден баарын айтам»,- деди ал.

Мындан тышкары ал бүгүн журналисттерге анын ичүү ыкмасын көрсөтүп берерин айтты.

«Жапаров Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага «сен дарылап көр» деп айткан. Мен туугандарымды дарылагам. Бүгүн журналисттерге кантип ичиш керектигин көрсөтөм. Ошол жерде өлбөгөнүмдү көрөсүңөр. Анткени мен министр катары жоопкерчиликти өз мойнума алышым керек», — деди ал.