«Дарылоонун сапатын жогорулатат». Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгеге кошулду

Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгеге кошулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer — Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди.

Бул программа Кыргыз Республикасына балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле арзан жана керектүү дары-дармектерге жана технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо жакшырат. Демилге 2030-жылга чейин балдардын рак оорусунан сактануу деңгээлин кеминде 60 пайызга чейин жогорулатууга багытталган.