Дастан Бекешев: «2022-жылга бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард 358 миллион сом»

«35 миллиард 358 миллион сом 2022-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы. Дефицит 9 миллиард сом болот деп болжолдонгон. 2020-жылы өлкөдө ковид жана башаламандыкты эске алуу менен дефицит 19,7 миллиард сомду түзгөн». Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Бул таңкыстык мамлекеттик кызматкерлерге сезилбейт, акыркы эки айды кошпогондо, премия жана кошумча төлөмдөрдү кыскартууга туура келген. Жалпысынан мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы бир топ жогорулады. Ал эми таңкыстыктын себеби Финансы министрликтин кагазында көрсөтүлгөн эмес», — деп жазды ал.