Бекешев: «Почточу жумасына 6 күн иштеп, айына 5600 сом айлык алат»

Көбүнүн айлыгы көтөрүлдү, бирок “Кыргыз почтасынын” кызматкерлери унутта калды. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев жазып чыкты.

«Элестеткиле, почточу эртең мененки саат 8ден 18:00гө чейин жумасына 6 күн иштеп, айына 5600 сом алат экен. Почточулар пенсия, жарнак китепчелерин, каттарды таратышат, бирок бул иштен түшкөн акча почточулардын өзүнө эмес, алардын ишканасына кетет. Мен парламентте почточулардын айлыгын көтөрүү маселесин көтөрөм», — деди ал.