Дастан Бекешев: «Президенттин душмандары аны сындагандар эмес, анын жанында жүрүп дос аталгандар»

Президенттин душмандары аны сындагандар эмес, аны жанында жүрүп дос аталгандар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди. 

Анын айтымында, Садыр Жапаровду саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оңтойсуз абалга кептеп койгон.

«Биздин президент орус президенти менен уу-коргошун жөнүндө сүйлөшкөн күндө дагы, орус тарап андай сүйлөшүүнү баары бир тастыктабайт. Мындай сүйлөшүүлөр олуттуу кабыл алынган эмес жана кулактын учу менен кеткен. Министр президентти оңтойсуз абалга калтырбай, үн катпай эле койсо болмок. Садыр Жапаров айлана-чөйрөсүндөгү адамдар тууралуу ойлонушу керек болуп калды»,— деп жазды ал. 

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде: «Садыр Нургожоевич Владимир Путин менен ушул [уу коргошун] жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты»,- деген эле. Бирок президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев бул маалыматты четке кагып, жолугушууда уу-коргошун тууралуу сөз болгон эместигин билдирген.