Дастан Бекешев УКМКнын СИЗОсунда жаткан Темир Сариевге жолукканын айтты

Депутат Дастан Бекешев экс-премьер-министр Темир Сариевге УКМКнын тергөө абагына барды. Бул тууралуу депутат өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

«Мен аны абдан сыйлайм, ошондуктан бардым»,- деди ал. 

Эл өкүлүнүн айтымында, Темир Сариев өзүн сергек алып жүрөт, бирок ден соолугу идеалдуу эмес. Спорт менен машыгууга аракет кылып жатат. «Биз анын күнүмдүк иштери, эмне кылары жөнүндө сүйлөштүк. Мен ага Марк Аврелийдин «Жалгыз өзү» аттуу китебин бердим. Ал ага анын эркине, духуна жана дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүүгө жардам берерин айтты. Биз саясат жөнүндө сүйлөштүк. Сүйлөшүүгө болгону 15 мүнөт берилет. Бул убакыттын ичинде биз мүмкүн болушунча көп темаларды талкуулоого аракет кылдык», — деди ал.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.