Дастан Бекешев: «Жарыкты бир суткадан ашык өчүрбөш керек»

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештеги президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлүнө электр энергиясын өчүрүүдө калкка графиктерди алдын ала берүү керектигин айтты.

Ал кышында электр энергиясын 1 суткадан ашык өчүрүлбөшү керек деген да пикирин билдирди.

«Өлкө боюнча чалуулар болуп жатат. Ар кандай себептер менен өчүрүүлөр болуп жатат. Эл «жарык качан өчүрүлөрүн алдын ала билели» деп жатышат. Мисалы, Бишкектин Октябрь районундагы Улан 2 районунда жашоочулар ушундай суукта 2 суткага жарыксыз калышты. Электр энергиясы менен жылыткандарга кабарсыз өчүрүп салган болбойт. Негизи өчүрүү 1 суткадан ашпаш керек», — деди эл өкүлү.