Даун синдрому бар Изат: «Уктап жатканда апамды эстейм. Ал бир жолу түшүмө кирди»

Изат Сатыбеков 34 жашта. Анын Даун синдрому бар. Изат эже-жездеси жана алардын балдары менен жашайт. Каарманыбыз кайыр сурап, эжесине жардам берет. Анын эжеси “Инимди дарыгерге алып барсам, “бул дагы деле өлө элекпи” деп жүрөктү оорутушат”дейт.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0500 36 68 32 (Тажыбүбү)

«Мен эжем менен турам. Апам менен байкем каза болду. Чай, нан, баарын алып берем. Мечитке барып, дуба кылып жатам. Кудай берип жатат. Мен үй алам, үй жок кыйналып жатабыз. Өлөрчө суук болуп жатат. Батир ээси келип кууйт», — дейт ал.

Ал ошондой эле эжеси ага кам көрөрүн айтты. «Эжем мага жардам берип, кийимдеримди жууп берет. Чай куюп берип, нан жасайт. Эжемди сагынам»,-  деди ал.

Эжеси иниси аны менен кичинекейинен чогуу өскөн үчүн аябай жакын экенин айтат. «Байкелериңдикине бар» десек, такыр болбойт. Менин 7 балам бар. Жолдошум тапкан акча күнүмкү тамакка жетет. Изат бизге үй алып берем дейт. Жолдошум да Изатты жакшы көрөт. Атам деле чогуу жашайлы дейт, Изат такыр болбойт», — деди эжеси.

«Апамды уктап жатканда эстейм, Түшүмдө тирүү келди. Мен ага «мени мечиттен сабады» деп айттым», — дейт Изат.