Декабрь айында Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун жакындарын издейт

2021-жылдын 9-декабрында Бишкектеги Кулиев көчөсүндөгү үйдүн жанынан аялдын жансыз денеси табылган. Болжолдуу 40-45 жаштарда болгон жана криминалдык тактар байкалган эмес. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө. Чачы кыска жана кара.

Өзгөчө белгилери: сол бетинде калы бар.

Кийген кийими: кара куртка, кара-көк толстовка, кызгылт футболка, кара шым, боз байпак, кара бут кийим. Аялдын аты Жылдыз болушу мүмкүн.

Сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, 0 (312) 352-605, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 номурларына кайрылсаңыздар болот.