Декларация-2020. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эмнелерге ээлик кылат?

Салык кызматы 2020-жылдын аягында чиновниктердин кирешеси тууралуу отчетту жарыялай баштады. Экс-президенттин кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтар камтылган. Акыркы бир жылда Сооронбай Жээнбеков 944 миң 138 сом киреше тапкан.

Анын менчигинде жалпы аянты 47,2 гектар болгон 21 айыл чарба багытындагы жер тилкелери, 0,1 гектар жер тилкеси, 160 чарчы метр турак үй жана МТЗ-80 трактору бар.

Мурдагы мамлекет башчынын жакын туугандары 2020-жылы 6,5 миллион сом киреше тапкан. Алардын менчигинде 64 чарчы метр аянтты ээлеген батир, жалпы аянты 24,66 гектар 11 айыл чарба жер тилкеси жана эки өндүрүштүк имарат бар. Мындан тышкары, Лексус-470 үлгүсүндөгү унаасы, бодо малдары жана жылкылары бар.