Декларация-2020. Искендер Матраимовдун үйү жок, унаасы эле бар

Салык кызматы 2020-жылдын аягында чиновниктердин кирешеси тууралуу отчетту жарыялай баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун кирешеси жана мүлкү боюнча маалымат жарыяланды.

Ал өткөн жылы 1 миллион 984,2 миң сом киреше тапкан. Эл өкүлүнүн турак-жайы жок. Киреше жөнүндө отчетто мүлктүн 290 миң сомдук эмеректери, жалпы баасы 580 миң сомдук тиричилик техникасы, фото, аудио жана видео жабдуулары жана компьютерлери бар экени көрсөтүлгөн.

Искендер Матраимовдун дагы Toyota Land Cruiser-200 үлгүсүндөгү унаасы жана 7 миллион 700 миң сомдук жылкысы бар. Депутаттын жакын туугандары 2020-жылы 5,3 миллион сом киреше таап, 6,3 миллионун коротушкан. Алардын аянты 176,9 чарчы метр болгон батири, курулуштары (3,6 миң чарчы), үч капиталдык имараты (1,9 миң чарчы), административдик имараты (2,5 миң чарчы) жана айыл чарба багытындагы эмес жер участогу бар. Декларацияда Искендер Матраимовдун жакын туугандарында Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа бар экени да жазылган.