Декларация-2020. Канат Исаевдин жакындарынын кирешеси да, турак жайы да жок

Салык кызматы чиновниктердин 2020-жылдагы кирешеси тууралуу отчетун жарыялай баштады. Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Канатбек Исаевдин кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылы депутат 7 миллион 607 миң сом киреше тапкан. Анын эки унаасы бар — Toyota Land Cruiser жана Toyota Surf. 17 миллион сомдук жылкылары бар. «Кыймылсыз мүлк» графасында эч нерсе көрсөтүлгөн эмес.

Канатбек Исаевдин жакын туугандарынын киреше булагы да, турак жайы да жок.