Декларация-2020. Садыр Жапаров өткөн жылы канча киреше тапкан?

Салык кызматы 2020-жылдын аягында чиновниктердин кирешеси тууралуу отчетту жарыялай баштады. Садыр Жапаровдун кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Белгилей кетсек, ал өткөн жылдын октябрынан декабрына чейин Кыргызстандын премьер-министри болуп тургандыктан, декларация тапшырган.

Садыр Жапаров 2020-жылы кирешеси 247,9 миң сомду түзгөнүн белгилеген. Анын менчигинде болгону 6 гектар айыл чарба жери бар. Садыр Жапаровдун жакын туугандарына 50,7 жана 389 чарчы метр аянтты ээлеген эки үйү, ошондой эле 17,2 чарчы метр гаражы бар. Кошумчалай кетсек, алар “Үмүт булагы” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү.