Декларация-2020. Тазабек Икрамов бир жылда 600 миң сом тапкан

Салык кызматы 2020-жылдын аягында чиновниктердин кирешеси тууралуу отчетту жарыялай баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун кирешеси жана мүлкү боюнча маалымат жарыяланды. 

Ал өткөн жылы 603,8 миң сом киреше тапкан. Анын 1 миң 784 чарчы метр аянтты ээлеген үйү, 0,2 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси, 1 миллион сомдон бир аз ашык жылкысы жана 410 миң бодо малы бар.

Тазабек Икрамовдун жакын туугандары 2020-жылы болгону 100 миң сом тапкан. Алардын аянты 570 чарчы метр болгон үйү жана 95 чарчы метрлик жеке участогу бар үйү, ошондой эле 337,2 чарчы метр аянттагы башка капиталдык имараттары бар. Мындан тышкары эл депутатынын жакындарынын эки унаасы бар – Лексус-450 жана Лексус-350.