Декларация-2020. Уялчаак атыккан депутат Камчыбек Жолдошбаев батирде жашайт

Салык кызматы 2020-жылдын аягында чиновниктердин кирешеси тууралуу отчетту жарыялай баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин кирешеси жана мүлкү боюнча маалымат берди.

Ал өткөн жылы 609,3 миң сом таап, декларацияга 398 чарчы метрлик батирин эле көрсөткөн. Мындан тышкары, ал «Беш Сары» ЖЧКсындагы үлүшүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергендигин көрсөткөн. 

Депутаттын жакын туугандары 2020-жылы 100 миң сом тапкан. Алардын мүлкү тууралуу маалымат жок.