Делиден Алматыга учуп келген учактын жүргүнчүсүнөн холера оорусу аныкталды

«Эйр Астана» авиакомпаниясынын Делиден Алматыга учуп келген учагында санитардык-карантиндик көзөмөл жүргүзүү учурунда жүргүнчүнүн алсырап, оозу кургап жатканы аныкталган. Бул тууралуу «Казинформ» жазды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, аял Делиден Кыргызстанга Алматы аркылуу бара жаткан. Санитардык-карантиндик көзөмөл адистери жугуштуу ооруга чалдыккан деп шектелген аялды медициналык кароодон өткөрүп, анализдин жыйынтыгын алгандан кийин ал холера менен ооруганын аныкташкан.

Аны менен тыгыз байланышта болгон жүргүнчүлөр аныкталып, лабораториялык текшерүүлөр дайындалган. Бейтап жана аны менен байланышта болгон жүргүнчүлөр Алматынын жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Учактын бортунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.