«Индия штаммын жуктурган адамдын ичи өтөт». Адис өлкөдө тарап жаткан коронавирустун түрү тууралуу айтып берди

Коронавирустун Индиядан чыккан жана «дельта» деп аталган штаммы адамдан адамга бат тараганы менен коркунуч жаратууда. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Нурсулуу Дайырова айтып берди.

«Учурда өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат. Ошондой эле былтыркы жылга караганда бул жылы вируска чалдыккан жаштар көп. Мунун себеби буга чейин вирустун британ штаммы менен оорушкан жана ал көбүнчө карыларга бат жукчу. Азыркы индиялык штамм жаш-кары дебей баарына бирдей тарайт. Учурда коомдук жайларда жаштар көп жүргөндүктөн, бул оорунун курмандыгы болуп калып жатышат. «Дельта» штаммынын башка штаммдардан айырмачылыгы жокко эсе. Аны тесттин жыйынтыктары аркылуу эле биле алабыз. Бирок ДССУ божомолуна караганда, бул жаңы штаммда адам алсырап, дене табы көтөрүлүп жана ичи өтөт”, — дейт Нурсулуу Дайырова.