Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

18-19-ноябрда Бишкек шаарында кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.

Жарманкенин максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номурун кайрылып, толук маалымат ала алат. Жарманкенин дареги: Биринчи Май району, Киев, Раззаков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши. Саат 8:00дөн 18:00гө чейин.