Оппозициялык кыймыл: «Чыңгыз Айдарбековго кысым көрсөтүү — бул жол берилгис»

Бүгүн, 18-октябрда Бириккен демократиялык кыймылы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасады. Анда Кемпир-Абад маселеси тууралуу сөз козголгон.

«Бул маселени Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кароодо Конституцияны жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” конституциялык мыйзамды одоно бузууга жол берилди. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстандын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө комитет чечимине кол коюуга мажбурлоо үчүн комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүү жол берилгис деп эсептейбиз», — деп жазылат кайрылууда.