Ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөн парламенттин төрагасы Талант Мамытов кезексиз жыйынга келген жок

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, сессиянын ачылышы өттү. Бирок жыйынга төрага Талант Мамытов келген жок.

30-июнда Мамытовдун ден соолугу начарлагандыгына байланыштуу 28-июндан баштап президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүп жатканы маалым болгон.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде, анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында коронавирус илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.