Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери акыйкатчы менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ата-энелер акыйкатчы Токон Мамытовдон курч көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Тактап айтканда, алар мамлекеттен турак жайларды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала албай, ошондой эле оорулуу балдарына дары-дармектерди арзандатылган баада сатып ала албай кыйналып жатышканын айтышты.
Ата-энелердин айтымында, акыл-эсинин өсүүсү кечеңдеген же артта калган балдарга керектүү дары-дармектер өтө кымбат. Мындан тышкары алар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар текшерүүдөн эки жыл сайын өтүшү керек деген талапка нааразы экенин билдиришти.
«Себеби бул чыгымды талап кылат (УЗИ, рентгенография, атайын адистердин консультациялары жана башкалар)», — дешет ата-энелер.
Ошондой эле алар балдарын мектепке чейинки мекемелерге жана мектепке жайгаштыруу өтө кыйын болуп жатканына нааразы болушту. Анткени ал жакта орундардын саны өтө чектелүү, атүгүл акыл-эс бузулуулары жана патологиясы бар балдар үчүн мектепке чейинки мекемелерде тиешелүү адистердин — дефектолог, логопед, психолог жана психиатрлардын саны жетишсиз.
«Бул жерде акыл-эсинен жабыркаган балдар жөнүндө гана эмес, угуусу жана көрүүсү начар, ошондой эле сүйлөө функциясы начар өнүккөн (дүлөй, дудук) балдарды дагы эске алуу керек», — дешти ата-энелер.
Акыйкатчы билдиргендей, 2019-жылы Кыргыз мамлекети тарабынан ратификацияланган БУУнун «Майыптардын укуктары жөнүндө» конвенциясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ушул жана башка көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.
Ал 2019-жылдын 1-январына карата өлкөдө 181 миң 400 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турса, анын ичинен 29 миң 900 адам балдар экенин белгиледи.
«Ушул конвенцияны ратификациялап, Кыргыз мамлекети мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга эл аралык стандарттардын минималдуу ченемдерине жооп берген шарттарды камсыз кылууга милдеттенме алган. Өкмөт бул көйгөйлөрдү карап чыгып, чечиши керек», — деди акыйкатчы.