«Денесинде көгала тактар бар». Мектепте уулу сабалган келин акыйкаттык издейт

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдарга карта зордук-зомбулукту болтурбоого чараларды көрүүгө чакырат. Акыйкатчы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде биринчи класстын окуучусу сабалган окуя — баланын укугун одоно бузуу экенин баса белгиледи.

“Эч бир жагдайда чоң адамдар тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүүсүнө жол берилбейт. Мамлекеттик органдар зордук — зомбулукка жол бербөө үчүн бардык чараларды тез арада кабыл алуусу зарыл”, — деди Жаманбаева.

Сабалган 7 жашар баланын апасы Акыйкатчыга кайрылып баласынын укугун коргоп берүүнү өтүндү.
Ал баласын элдин көзүнчө сабаган жаран камакка алынбай эркиндикте жүргөнүнө нааразы болду.

Бул адамдын коомчулуктун арасында жүрүшү кооптуу деп эсептейм. Ал эртең башка баланы урбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Чоң адамдар өз иш аракеттери үчүн жооп берүүсү керек. Менин уулумду сабаганга анын укугу жок. Балага карата суроолор болсо, аны түшүндүрүүнүн көптөгөн жолдору бар. Балам анын баласы менен эч качан чырдашкан эмес. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болуп турабыз. Уулум сабалгандан кийин көп нерседен коркуп калды. Денесинин ар кайсы жеринде көгала тактар бар жана учурдагы баламдын абалы мени кооптондурат. Күнөөкөр адам мыйзам чегинде жазалансын”, — деди нааразы болгон баланын апасы.

Андан сырткары ал тергөөчүгө да арызданды. “Тергөөчү бошобой жатам деген жүйөө менен бизди үч сааттай күттүрдү. Ошондой эле мектеп тарабынан жазылган арызды албай койду”, — деп ыйлады аял.

Акыйкатчы институту өз мандатына ылайык тийиштүү мамлекеттик органдарга баланын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу талабы менен расмий суроо-талап жөнөттү. Ошондой эле, эне менен балага акысыз жактоочу жана психолог берүүгө көмөк көрсөтүү боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Бишкектеги мектепте сабалган 7 жаштагы баланын апасымын деген аял буга чейин бийликке кайрылуу жасаган. Баланын апасынын нааразычылыгы жана коюлган айыптар боюнча Ленин РИИБ жооп берген. «12-апрель күнү милицияга жаран арыз менен кайрылып, анда ал окуучулардын биринин ата-энесине карата чара көрүүнү сураган. Ошол эле күнү саат 16:15тер чамасында Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан билим берүү мекемелеринин биринин ичинен жашы жете элек 2016-жылы туулган баласын эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген. Милиция кызматкерлери тарабынан 1990-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалып Тергөө кызматына жеткирилген. Балага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Психиатриялык экспертиза соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун  негизинде гана дайындалат. Учурда тергөө уланып жатат, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат», — дешкен.