«Денесинде тактар болгон эмес». СИЗО-1деги адам өлүмүнүн чоо-жайы

Буга чейин Бишкектеги СИЗО-1де эркек киши каза болгону маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАКтан каза болгон жаран тууралуу маалымат беришти.

Кечээ, 28-августта саат 05:40 чамасында режимдик корпусунун камерасында эртең мененки тамакты таратып жаткан учурда камерадагылар эс-учун жоготкон абалда 1987-жылы туулган жаранды аныкташкан. Ал мурда соттолгон Чүй облусунда туулуп, Бишкек шаарында жашаган жаран болгон. 

Ал 26-августта Чүйдөгү №26-колониядан сот тарабынан аныкталган 9 айдан ашык мөөнөткө жаза өтөбөй качып кетүү фактысы боюнча СИЗО-1ге киргизилген. Нөөмөткө чакырылган фельдшер биринчи жардам көрсөткөн, бирок натыйжа берген эмес. Тез жардам кызматы саат 06:26да келип, анын каза болгонун каттаган. Ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Денесинде криминалдык тактар байкалган эмес. Так диагнозду аныктоо үчүн 30 күндөн ашпаган убакыт керек. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.