«Денесинин 4-5 жерине ок тийиптир». Чек арадагы атышууда 27 жаштагы Илимбек Мурзаев көз жумду

Чек арадагы атышууда 27 жаштагы Мурзаев Илимбек Манасович көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун бир тууган карындашы билдирди.

«Агам 1995-жылы туулган. Аскердик кызматта иштеп жүргөнүнө 5 жылдан ашкан. Үй-бүлөлүү болчу. Артында 3 айлык кызы калды. Сөөгүн жерге бердик. Агам Баткенде тажиктер желегин илген мектептин ичинде болгон экен. 4-5 жерине ок тийиптир», — дейт бир тууганы.