12-сентябрда Чүйдүн Ак-Бешим айылында 2013-2023-жылы туулган балдарын өлтүрүүгө шектелип 34 жаштагы аял кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул үрөй учурган окуянын чоо-жайын билүү үчүн аталган айылга бардык. Келиндин жакындары ал тууралуу “Акыркы кезде көп сүйлөшпөй калган. Өзү намаз окуган, момун, эч ким менен урушпаган келин” дешти.
«Менин абысыным болот. Ооруган баласы бар. Туугандар чогулуп отурганда дагы абайлап сүйлөйт элек. Таарынчагыраак эле. Киришип-чыгышып эле жүрөбүз. Анча сүйлөбөй жатты, депрессия болуп калган го деп жаттык. Жашырганын билбей калдык»,- деди ал.