Депутат: «Бир класста 30 бала болсо, эки-үчөө эле армияга барып жатат»

Депутат Таалайбек Сарыбашов Жогорку Кеңештин жыйынында армияга барбаган жигиттер көбөйүп кеткенине тынчсызданды.

«Бир класста 30 бала болсо, ошонун эки, үчөө гана армияга барып, калганы барбай жатат. Биздин калкыбыз болгону 7 миллионго чыгып жатабыз. Сапаттуу армияга көңүл бурушубуз керек. Чакырыктар болушу керек», — деди ал.