Депутат 14 жашка чейинкилерге телефон колдонууга тыюу салып, балдарга чип койдурууну сунуштады

14 жашка чейинки окуучуларга телефон колдонгонго тыюу салуу керек. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу комитет жыйында билдирди.

«Баламды таппай калам десең чип койдуруп кой. А бул телефондун ичинде эмнелер гана бар. Коомубуздун тарбиялык жагын ойлосок, 14 жашка чейин мыйзамдуу түрдө телефонго тыюу салып койсок», — деди ал.

Ошондой эле, депутат өлүм жазасын киргизүү сунушун колдоду.