Депутат: «19 жаштагы кыз 1600 сомдун айынан СИЗОдо отурат»

Жакында эле 1600 сомдун айынан 19 жаштагы кыз кармалып жаткан СИЗО-1де болдук. Бул тууралуу жыйында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди. 

Анын айтымында, ал жерде 3 айдан бери отурат жана бул аралыкта эч кандай тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Ага мамлекеттик жактоочу дайындалган, бирок жактоочу аны менен байланышкан эмес.

Депутат камерада 8 аял киши бар экенин, ал алардын эң кичүүсү экенин айтты . «Эмне үчүн 1600 сомдун айынан абакта отурганын жана тергөөчү эмне үчүн байланышпаганын дароо тактап беребиз», — деп жооп берди ИИМдин башчысынын орун басары Нурбек Абдиев.