Депутат Адахан Мадумаров менен мурдагы министр Динара Кутманова абакта ооруп жатканын билдиришти

Убактылуу тергөө абагында кармалып турган депутат Адахан Мадумаров кант диабети менен ооруп жатканын билдирди. Ал эми экс-министр Динара Кутманова жүрөк кемтиги менен ооруйт. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, алар абакта жаткандардан кабар алышкан. Адахан Мадумаров экинчи типтеги кант диабети менен ооруп жатканын билдирген. Ага электр кардиостимулятор коюшкан. Ал эми мурдагы Жаратылышты коргоо министри Динара Кутманова жүрөк кемтиги менен ооруй турганын, жүрөк капкакчасын батыраак алмаштыруу зарылдыгын билдирген.

«60 кишиге ылайыкташкан тергөө изоляторунда 76 киши кармалып турган. Абактагылар үчүн маалымат такталары жана сунуш-даттануулар боюнча анонимдүү кутучалардын жоктугу байкалган. Фельдшер эмгек өргүүсүнө чыгып кетип, анын ордуна эч ким коюлган эмес», — деп айтылат маалыматта.