Депутат Адахан Мадумаровдун кармалгандыгы маалымдалууда

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалгандыгы маалымдалууда. Бул тууралуу оппозициялык саясатчынын социалдык тармактагы баракчаларында жазылды. Маалымат расмий органдар тарабынан ырастала элек.