Депутат ага абактан чалуу болгонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбековго убактылуу кармоочу жайда жаткан адам телефон чалган. Бул тууралуу ал 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, бир жарым айдан бери анын маектешине карата тергөө амалдары жүргөн эмес. 

«Ал камакта жатат. Балким, алар иш менен алек болуп, аны унутуп коюшкандыр. Бирок анын апасы жана жакындары үчүн кандай күн өтүп жатат. Ал дагы биздин жаран жана жөн эле минтип жазбайт эле», — деди Кадырбеков.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул маселени тактай турганын билдирди.