Депутат Айдарова: «Чача-пача» деген ушагыңарды токтоткула»

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова айрым кесиптештерине нааразылыгын билдирди.

«Бизде кээ бир депутат айымдар бар. Жакында эле бирөөсү куран окутуптур. Ал учурда биз каникулда болуп, келе албай калдык. «Куран окутуп келбесең, сенин апаң өлгөндө көрөт элем» деген сөздү мен эч качан айттырбайм. Кесиптештер, бул жерде «чача-пача» деген ушагыңарды токтоткула. Мындан ары бирөөнүн апасына асылганыңарды укпайын», — деди ал.