Депутат Айдарова: «Көп балалуу, жалгыз бой аялдар балдарына китеп сатып берүүдө кыйынчылык жаралып жатат»

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова китеп жетишсиздигин көтөрүп чыкты.

“Өзгөчө көп балалуу, жалгыз бой аялдар балдарына китеп сатып берүүдө кыйынчылык жаралып жатат”, — деди ал.

Эл өкүлү аны менен катар Баткен жана жалпы эле өлкөдө жөлөк пул алууда жаралып жаткан кыйынчылыктарга токтолду.